ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
2024-жыл 14-февралы №1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жүрүп жаткан иш аракеттери боюнча Каныш-Кыя-Чаткал айыл аймактарын бириктирүү маселесин кайрадан кароо жөнүндө.
Чаткал айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жүрүп жаткан иш аракеттери боюнча Каныш-Кыя-Чаткал айыл аймактарын бириктирүү маселесин кайрадан карап талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХVI- сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын жана Чаткал айыл аймагынын тургундарынын пикирлерин эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңеши кабыл алган 06.09.2023-жылдагы №1 токтомунун тараптары, тиешелүү денгээлде аткарылбагындыгы жана айыл тугундарынын нааразычылыгын эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңеши кабыл алган 06.09.2023-жылдагы №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Чаткал айыл аймагы менен Каныш-Кыя айыл аймактарын кошуу боюнча Чаткал айлдык кеңеши каршы экендиги жогорку бийлик органдарына билдирилсин.
4. Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы К.Оморовго депутаттык топ түзүп, тиешелүү иш кагаздарын тактап Кыргыз Республикасынын Мнистрлер Кабинетинин төрагасына жана башка тиешелүү бийлик органдарына маалымат жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
5. Аталган токтомдун 4-пунктунун талабын аткаруу үчүн Бишкек шаарына барып келүүгө жергиликтүү бюджеттен сапар чыгымдары төлөп берүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн “Финансы экономика бөлүмүнүн” башчысы Б.Курманалиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.С. Оморов |