Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХХVIII кезектеги сессиясы

2024-жылдын 31-январы № 143/28-28

Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1 жана 3 пункттарына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин төрагасы – Д.С.Сарбаевдин жана бухгалтери – Г.Ф.Курносованын маалыматын угуп жана талкуулап, жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын. ( №1 тиркеме).

2. 2024-жылга Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети бекитилсин. (№2 тиркеме)

3.  Малды жаюу боюнча мурда бекитилген тарифтер өзгөрүүсүз калтырылсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов