Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХХVIII кезектеги сессиясы

2024-жылдын 31-январы № 144/28-28

Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын жыйынтыгынын негизинде, бюджеттин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып, 2023-жылга киреше бөлүгү жалпысынан 111094,4 миң сом менен бекитилген, анын ичинде жергиликтүү бюджет - 106294,4 миң сом, атайын эсеп каражаттар - 4800,0 миң сом түзгөнү белгиленди. Отчеттук жылдын киреше бөлүгүнүн айкын аткарылышы 127785,0 миң сом, такталган план менен - 118014,5 миң сом, анын ичинде атайын эсеп - 5200,0 миң сомду түздү. Такталган планда - 135878,9 миң сом, 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы - 106920,3 миң сом, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары - 97829,1 миң сом, атайын каражаттар - 6381,4 миң сом, республикалык бюджеттин каражаттары - 2709,8 миң сомду түздү. Акча каражаттардын өтмө калдыгы 2024-жылдын 1-январына карата 38729,1 миң сомду түздү, анын ичинде 2269,6 миң сом – атайын каражаттар, 36459,5 миң сом - бюджеттик каражаттар. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү атайын эсебин алуу менен жалпысынан 106920,3 миң.сом, анын ичинде:

-70111 «Мэриянын аппараты» - 11451,3 миң сом –бюджеттик каражаттар;

Респ.бюджет – 556,9 миң сом;

-70111 «Шаардык кеңеш»- 1259,5 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-70629 «ТКЧ» -52825,4 миң сом –бюджеттик каражаттар;

2066,9 миң сом –атайын каражаттар

-70823 «Маданият» -3171,9 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-71092 «Соцкамсыздоо» - 4659,4 миң сом–бюджеттик каражаттар; жеңилдиктер респ/бюджет-22,7 миң сом.

-70911 «Бала бакчалар» -11931,6 тыс. сом –бюджеттик каражаттар;

4314,5 миң сом –атайын каражаттар;

-70921 «Орто мектептер» - 10797,5 миң сом – бюджеттик каражаттар;

-70961 «Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби»-3511,7 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-70429 «Жайыт комитет» - 351,0 миң сом.

 

Киреше бөлүктүн аткарылышы бекитилген планга карата 115,0%, такталган планга карата 108,0% түзөт. Чыгаша бөлүктүн аткарылышы бекитилген планга карата 96,2%, ал эми такталган планга карата 78,7 % түзөт.

 

Орловка шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы - Л.А.Абасованын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы - Л.А.Абасованын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын.

 

Төрага

М.И.Токтакунов