Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХХVIII кезектеги сессиясы

2024-жылдын 31-январы № 146/28-28

Орловка шаарынын мэриясынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2025-2026 жылдарга болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмү берген 2025-2026 жылдарга прогнозду, 2024-жылга бюджет долбоорунун чыгаша жана киреше бөлүгүнүн сметасын толуктоо жана оңдоо киргизүү менен, карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын мэриясынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети төмөнкүдөй бекитилсин:

- 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 133809,7 миң сомду түздү, анын ичинде 129009,7 миң сом – бюджеттик каражаттар жана 4800.0 миң сом – атайын каражаттар.

- 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык жалпысынан атайын эсеп менен 133809,7 миң сомду түздү, анын ичинде:

- 70111 «Мэриянын аппараты»- 12947,3 миң сом-бюджеттик каражаттар;

- 70111 «Жергиликтүү кеңеш», - 1263,7 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70629 «ТКЧ».- 62731,9 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70823 «Маданият» - 7630,2 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 71092 «Соцкамсыздоо» - 4627,0 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70911 «Бала бакчалар» - 19458,0 миң сом - бюджеттик каражаттар жана 4010,0 миң сом – атайын каражаттар;

- 70921 «Орто мектептер» -15783,5 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70961 «Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп» - 4163,1 миң сом - бюджеттик каражаттар.

- 70429 «Жайыт комитет» -405,0 миң сом.

 

2. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбанын 15 жумушчусуна ай сайын атайын тамактануусуна 6000,0 сомдон жана коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө 7000 сомдон акча каражат чыгаша сметада каралсын.

3. Орловка шаарынын мэриясынын 20 кызматкерине кыш-күз мезгилинде катуу отун сатып алууга бир жолку материалдык жардам катары төлөмдөрүнө 480.0 миң сом жалпы суммада акча каражат чыгаша сметада каралсын. Ай сайын мэрия кызматкерлеринин уюлдук байланышына 9670 сом бөлүнсүн, турак-жай коммуналдык чарбанын жумушчуларына – 3300 сом.

4. Ай сайын бала бакчаларда бир балага 800 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин, бул акча каражат тамак-ашка жумшалсын.

5. Жылына бир жолку коммуналдык кызмат төлөмдөр педагогикалык персоналга 10 000 сом, кенже тейлөөчү персоналга – 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. 2024-жылы бала бакчаларда бир балага күнүнө 28 сом, 1-4 класстардын окуучуларынын тамактануусуна 7 сом өлчөмүндө кошумча төлөм бекитилсин: Орловка №1 орто мектеби – 436 окуучу, Орловка №2 орто мектеби – 367 окуучу.

7. 2025-2026-жылдарга киреше бөлүктүн болжолу 146951,5 миң сом жана 164907,5 миң сом менен бекитилсин, ошондой эле 2025-жылга чыгаша бөлүгү 142151,5 миң сом бюджеттик каражаттар, 4800,0 миң сом – атайын каражаттар, 2026-жылга 160107,5 миң сом бюджеттик каражаттар, 4800,0 миң сом атайын каражаттар. 2025-2026-жылдардын көрсөткүчтөрү жыл сайын бюджетти бекитүүдө тактала турганы белгиленсин.

8. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин атайын эсеби боюнча 2269,6 миң сом өлчөмүндөгү бош калдыгы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

- ТКЧ: көмүр сатып алуу (мончо) -878,3 миң сом.

- ТКЧ: ДСД – 1389,6 миң сом.

- Жайыт комитет: башка чыгымдар – 1,7 миң сом

9. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 36459,5 миң сом өлчөмүндөгү бош калдыгы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

- ТКЧ: Боом коктусуна ДСД -105,0 миң сом.

- ТКЧ: Кудряшов көчөсүнүн жолун оңдоо - 16147,9 миң сом.

- ТКЧ: арканы көрктөндүрүү – 4416,5 миң сом.

- ТКЧ: техникалык көзөмөл кызматтары – 40,0 миң сом.

- ТКЧ: турак-жай-коммуналдык чарба жайларын оңдоо – 200,0 миң сом.

- ТКЧ: мончону учурда оңдоо – 700,0 миң сом.

- ТКЧ: жолдорду оңдоо, жарыктандыруу – 12314,4 миң сом.

- ТКЧ: эмгек акы – 857,9 миң сом

- соц.фондго которуулар -148,0 миң сом.

- Орловка орто мектептер: материалдарды алуу-67,6 миң сом.

-  Бала бакчалар: материалдарды алуу – 84,4 миң сом.

- Аппарат: материалдарды алуу – 27,0 миң сом.

- эмгек акы- 905,6 миң сом.

- соц.фондго которуулар – 156,2 миң сом.

- жылытуу системасын оңдоо – 150,0 миң сом.

- Шаардык кеңеш: кызматкерлер үчүн коммуналдык кызматтар – 98,7 миң сом.

- Жайыт комитети: эмгек акы -34,4 миң сом.

- соц.фондго которуулар – 5,9 миң сом.

 

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов