КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-февралы № 6
Өзүнө тиешелүү сарайын кеңейтүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Осмонбеков Манас Кубаналиевич сарайын кеңейтүү жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу күңгөй бетинде №881-чөйрө сызыгында жайгашкан өзүнө тиешелүү сарайын кеңейтүү үчүн күн батыш тарабынан 0,10 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогун бөлүп берүү жана курулуучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы Жер ресурстары кызматынын Талас филиалына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |