ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 14/03
Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштырууда тизмеге кирбей калган турак-жайларды кошумча тизмеге киргизүү тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетекчөөчү адисинин милдетин аткаруучу Бектемиров Мусурманкулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштыруу максатында тизмеге кирбей калган турак-жайлар №1 тиркемедеги тизмеге ылайык мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамсыз салынганы такталган турак-жайлардын ар бирине 0,10 га дан жер бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, коммуналдык, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Т. Мукарамов. |