Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-сентябры № 14/04

Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлығына ылайык, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө сунушту жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХІV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жергиликтүү жамааттардың өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги ( Өкүлчүлүктүү жыйындын убактысы жана өтүүчү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси) тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин. (Тиркеме № 1).

 

2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин. (Тиркеме № 2).

 

3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И.Райимбердиевге жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтом айылдык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Лейлек айыл өкмөтүнүн жана Лейлек айылдык кеңешинин веб сайтына жарыяланып, Ченемдик укуктук актыларынын мамлекетттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Т. Мукарамов.