Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХIX кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 91/19-28
Орловка шаарынын мэриясынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А. Чанчаровдун «Орловка шаарынын мэриясынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежелери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын мэри төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул токтомдун аткарылышын;
-жарандарды жана юридикалык жактарды жакшыртуу эрежелеринин жоболору жөнүндө маалымдоо
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жана Орловка шаарынын кеңешинин социалдык жана укук тартиби маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Р.А.Ашымбековага жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |
Орловка шаарынын кеңешинин
2023 жылдын 24-февралындагы
№ 91/19-28 токтомунун
№ 1 тиркемеси
Орловка шаарынын мэриясынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер
§1. Жалпы жоболор
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын «Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү» кодексинин, «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн Орловка шаарынын мэриясынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Орловка шаарынын мэриясы ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Орловка шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
Катуу калдыктарды чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу калдыктарды, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.
Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) – катуу калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Тиричиликтеги катуу калдыктар (мындан ары - ТКК) – адамдар күнүмдүк турмуш тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
§3. Турмуш тиричиликтеги калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу