Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-сентябры № 14/05

Коргон айлында соода түйүндөрү курулуучу жерге уруксат берүү жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевдин Лейлек айыл аймагынын Коргон айылына курулуучу дүкөндөргө жер ажыратып берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевдин Лейлек айыл аймагынын Коргон айылына курулуучу дүкөндөргө жер ажыратып берүү тууралуу билдирүүсү жактырылсын.

 

2.  Лейлек айыл өкмөтүнүн Коргон айылына курулуучу дүкөндөргө керктүү жер ажыратып берилишине макулдук берилсин.

 

3. Курулуучу дүкөндөр, Лейлек айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүктүрүү программасына өзгөртүү киргизилип, ТӨП тизмесине киргизилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Т. Мукарамов.