ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХX кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 92/20-28
Жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – Л.А.Абасованын маалыматын жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 01-январына карата 11510,7 миң сом эркин калдыгы төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
- ТКЧ: дотациядагы айыл өкмөттөрүнө жардам – 2100,0 миң сом.
- ТКЧ: жол оңдоого – 6804,8 миң сом.
- ТКЧ: эмгек акы - 857,9 миң сом.
- Соц.фондго которуулар - 148,0 миң сом.
- Балдар аянтчалары – 1000,0 миң сом
- Башка чыгымдар (“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын документтерин тариздөө, көрктөндүрүү, жашылдандыруу) – 600,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |