Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХX кезекcиз сессиясы

 

2023-жылдын 16-марты № 93/20-28

2 950 893 сом суммадагы «Орловка шаарындагы таштанды таштоочу жайдын аймагын тосуу» долбоору боюнча Чүй облустук жана Кемин райондук өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүү жөнүндө

 

Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровдун “2 950 893 сом суммадагы «Орловка шаарындагы таштанды таштоочу жайдын аймагын тосуу» долбоору боюнча Чүй облустук жана Кемин райондук өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүү жөнүндө” кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            2 950 893 сом суммадагы «Орловка шаарындагы таштанды таштоочу жайдын аймагын тосуу» долбоору боюнча Чүй облустук жана Кемин райондук өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.

2.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов