Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы

2023-жылдын 3-ноябры № 15/01

Лейлек айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашаларынын аткарылышын кароо жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашаларынын 2023-жыл ичинде аткарылышы тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы

А. Зиядиновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 

 

1. Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетине 2023-жыл жыл ичинде 6780000 сом акча каражаты салык жыйымдарынын жана түшүрүүлөрдүн эсебинен кириштелип 118%га аткарылганы белгиленсин.

 

2. Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетине 2023-жыл жыл ичинде бекитилген 19066000 сом акча каражатынан такталган сумма 22527132 сом болуп такталган суммадан 5250860 сом акча каражаты калдык калганы эске алынсын.

 

3. Лейлек айыл өкмөтү тарабынан 2023-жыл ичинде бюджеттик пландалган иш чараларды толугу менен жыл аягына чейин аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге тапшырылсын.

 

4. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Мукарамов