ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 3-ноябры № 15/02
Лейлек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кабыл алынган социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө
Лейлек айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн аткарууга бекитилген туруктуу өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча Лейлекайылдык кеңешинин депутатарынын жооптуу катчысы К. Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде туруктуу өнүктүрүү программасынын планына 277622,5 сом менен бекитилген 59 иш-чарадан 20 иш-чара 37539,7 сомго аткарылып, 39 иш-чара аткрылбай турганы белгиленсин.
2. Лейлек айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүктүрүү программасынын планына киргизилген иш-чараларга №1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин:
3. Туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген иш чаралардан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу иш-чараларды толугу менен аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөттүн башчысы И. Райимбердиевге тапшырылсын.
4. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Мукарамов. |