Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы

2023-жылдын 3-ноябры № 15/03

Калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышынын абалы жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн калкты социялдык жактан коргоо тармагы боюнча аткарган иштерин карап чыгып талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 

 

1. Лейлек айыл өкмөтүнүн калкты социялдык жактан коргоо тармагы боюнча аткарылган иштер, жыл башында бекитилген суммага ылайык аткарылганы белгиленсин.

 

2. Республикалык бюджеттин эсебинен аярлуу үй-бүлөлөргө 100 000 сомдон грант катары берилген акча каражатына ишкердик жүргүзүп жаткан атуулдардын ишмердигине жакындан жардам көрсөтүлсүн.

 

3. Лейлек айыл аймагында көмүрдү топтоп калкка жеткирүү үчүн атайын топ база түзүлүп, калкты кышка карата көмүр менен камысыздоо жагы тапшырылсын.

 

4. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын этика, мыйзамдуулук, укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Мукарамов