КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги ХХXV1 сессиясы
2024-жылдын 23-марты № 15
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомунун 1-бөлүмү төмөндөгү сөздөр менен толукталсын: “Алты-Адыр участогуна даярдалган 2020-жылы №55 сандуу башкы планда каралган №2 мектеп, №3 бала бакча, №12 аптека, №14 ФАП жана 144 турак жай”.
1. Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж.Шадыманова |