РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаарынын кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз ХХХII сессиясы
2024-жылдын 15-марты № 1
Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек РИИБнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн Раззаков шаарына караштуу Тайлан айылынын М.Абдурасулов көчөсүндөгү №8-03-04-1004-0383 идентификациялык кодунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 0,20 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 02-декабрындагы сессиясынын №6 токтомунун 1-пунктундагы Раззаков шаарынын Бозогүл участкасынан 0,30 га жер тилкесин Лейлек РИИБнин кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн деген сөздөр күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б. Айтемиров |