Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаарынын кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз ХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 15-марты № 2

 Раззаков шаардык Кеңешин кайра каттоодон өткөрүү жана ЖОБОсун бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин ЖОБОсун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Раззаков шаардык Кеңешинин ЖОБОсу бекитилсин. (ЖОБО тиркелет)

2.     Раззаков шаардык Кеңешинин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяковго жүктөлсүн.

3.     Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги   “Исфана шаардык Кеңешин кайра каттоодон өткөрүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө” №2 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

       Б.Б. Айтемиров

Раззаков шаардык Кеңешинин                                                                                       VI чакырылышынын кезексиз                                                        XХХII сессиясынын  2024-жылдын

            15-мартындагы №2 токтомуна тиркеме

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

РАЗЗАКОВ   ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

 

 

Ж О Б О С У

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Раззаков шаары  2024-жыл

                                               

 

Раззаков шаардык Кеңешинин Жобосу

 

 

1.     Жалпы жобо

2.     Шаардык Кеңештин компетенциясы

3.     Шаардык Кеңештин төрагасы

4.     Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары

5.     Аппараттын түзүмдүк структурасы

6.     Жооптуу катчы

7.     Аппарат  кызматкерлеринин ыйгарым укуктары жана милдеттери 

8.     Кызматкерлердин укуктары жана жоопкерчиликтери

9.     Корутунду жоболор

 1. Жалпы жобо

1.     Раззаков шаардык Кеңешинин депутаттарынын сандык курамы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин  негизинде 31 кишиден белгиленет.

2.     Раззаков шаардык Кеңеши бардык маселелерди коллективдүү, эркин, ачык, таза иштиктүү талкуулоо менен анын натыйжасын депутаттарга, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнө сессияларда жана элдик жыйындарда билдирип туруу менен жүргүзөт.

3.     Шаардык Кеңештин депутаттары өз милдеттерин жана укуктарын коомдук башталышта өндүрүштүк же кызматтык иштерин жүргүзүү менен алып барат.

4.     Шаардык Кеңештин депутаттары өзүнүн иш- аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», шаардык кеңешинин регламенти ж.б. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын жана укуктук ченемдик актыларынын негизинде жүргүзөт.

5.     Раззаков шаардык Кеңешинин Жобосу кеңештин сессиясында бекитилип кабыл алынат. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кеңеш тарабынан кеңештин төрагасынын, депутаттарынын туруктуу комиссияларынын жана депутаттардын демилгеси менен тийиштүү мыйзамдардын ченеминде киргизилет.

6.     Шаардык Кеңештин аталышы: