Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVII кезекcиз сессиясы

 

2023-жылдын 13-январы № 77/17-28

Мүлк салыгын киргизүү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 09-3-11/290/11231 катынын негизинде, Орловка шаарынын мэриясынын кирешелер боюнча башкы адиси - Т.Б.Бековичтин  маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле 2022-жылдын 18-январындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагына мүлк салыгы киргизилсин;

2. Салыктын ставкалары өзгөрүүсүз калтырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов