Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айдаркен шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз ХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 06-марты № 74

 Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылын, Аэропорт участогун жана Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылын Айдаркен шаарынын курамына киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ” №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” №123 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобону жетекчиликке алып Айдаркен шаардык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     Айдаркен шаарынын курамына Бирлик айыл аймагынын  Кичи-Айдаркен айылы, Аэропорт участогу жана Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылы Айдаркен шаарынын курамына бириктирүү жолу менен киргизилип, “Айдаркен шаардык мэриясы” болуп кайра каттоодон ѳтүүгѳ уруксат берилсин.

 

2.     Шаардын курамына киргизилген айыл аймактардын айылдарынын мүлкүн инвентаризациялоо жана ѳткѳрүп берүү, өткөрүп алуу актыларын бүтүрүү жана кол коюуу жагы Айдаркен шаарынын мэри А.С.Мурзажановго жүктѳлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

4.     Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

Төрага

А.К. Кожомбердиев