Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 11-августу № 112/23-28

 

Орловка шаарынын жана Подгорное, Кашка калктуу конуштарынын башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Башкы пландын материалдарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Орловка шаарынын аймагын, Подгорное, Кашка калктуу конуштарын узак мөөнөттүү шаар куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтомунун негизинде, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура агенттиги, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долборлоо институту тарабынан иштелип чыккан 2021-жылдын 24-августундагы № 82-02/2021 2040-жылга чейинки мезгилине Орловка шаарынын, Подгорное, Кашка калктуу конуштарынын башкы планы жана шаар куруу материалдары бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри –

Б.А.Чанчаровго жана Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М. Шакировго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов