ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 79/18-28
Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылга
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылга иш планын карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылга иш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | М.И.Токтакунов |