Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты № 176

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 7-февралындагы 01-06-196 номери менен чыгышталган “Жеңил типте курулуучу нан бышыруучу цехтин курулушуна өздүк салым катары   жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” кайрылуусу

       

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 7-февралындагы 01-06-196 номери менен чыгышталган “Жеңил типте курулуучу нан бышыруучу цехтин курулушуна жергиликтүү бюджеттен  өздүк салым үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү” кайрылуусун, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо, экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз

     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жеңил типте курулуучу нан бышыруучу цехтин курулушуна жалпы суммасы 1 604 092 (бир миллион алты жүз төрт миң токсон эки) сомду түзгөн сметалык долбоордун 200 000 (эки жүз миң) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кадамдай шаардык кеңешинин төрагасы

А.А.Абдыразаков