Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты № 177

Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 12-февралындагы 01-06-217 номери менен чыгышталган “Чал-Таш айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 0,30 га жер тилкесин жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусу

        

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 12-февралындагы 01-06-217 номери менен чыгышталган“Чал-Таш айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 0,30 га жер тилкесин тоок ферма ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып,   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кадамжай шаарынын тургуну Б.Кочконовго Чал-Таш айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 0,30 га жер тилкесин тоок ферма ачууга  жайыт жер категориясынан өнөр-жай категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кадамдай шаардык кеңешинин төрагасы

А.А.Абдыразаков