Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 80/18-28

Орловка шаарынын мэриясынын 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын мэриясынын 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Орловка шаарынын мэриясынын 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын.

Төрага

М.И.Токтакунов