ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 81/18-28
Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин ( №1 тиркемеге ылайык).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго, ошондой эле Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |