ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 82/18-28
Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2022-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1 жана 3 пункттарына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бухгалетери – Г.Ф.Курносованын жана төрагасы К.Джумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2022-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын.
2. 2023-жылга Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |