Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 88/18-28

“Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, “Подгорное” калктуу конушунун тургундары менен өткөн чогулуштун протоколуна ылайык жашоочулардын чечимин эске алуу менен, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, “Подгорное” айылы деп аталсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) берүү жана “Подгорное” деп атын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов