Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 24-марты № 45/10-28

Жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын маалыматын жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, толуктоо жана өзгөртүү киргизүү менен, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 01-январына карата 8265,7 миң. сом эркин калдыгы төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:

Турак-жай коммуналдык чарба:

-        Орловка шаарына видеобайкоо камераларын орнотуу - 1500,0 миң сом;

-        Металлург кичи районундагы үйдү бузуу - 2500,0 миң сом;

-        жолдорду оңдоо - 3000,0 миң сом;

-        Жаштар борборуна жабдуулар - 195,7 миң сом;

-        ФАПка эмерек (бейтаптар үчүн) - 150,0 миң сом.

Бала-бакчалар:

-        чатырчаларды орнотуу - 500,0 миңсом;

№2 Орловка орто мектеби:

-        электрплита сатып алуу жана орнотуу - 120,0 миң сом.

№1 Орловка орто мектеби:

-        эмерек сатып алуу - 300,0 миң сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов