Редакцияот 26.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чельпек айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын 26-сесиясы

 

2024-жылдын 26-февралындагы № 7

                                                                                                   

Чельпек айыл аймагынын айыл тургундарына Чельпек айыл аймагынын  “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Чельпек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 2023-жылдын 5-апрелиндеги 26-сессиясынын №15-токтому менен бекитилген  Чельпек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобого ылайык жана  кезексиз 38-сессиясынын чечиминин негизинде Чельпек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

-

 1.Чельпек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү, мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн төмөндөгү жарандарга Чельпек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

1)    Омуркулов Бактыбек Конокбекович – Чельпек айылдык Кеңешинин төрагасы

2)    Кадаев Салават Болотбекович – Чельпек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

3)    Жыргалова Зурабюбю Осмоновна – “Чельпек” ҮДТнын медайымы

4)    Абдыкадырова Клара Сейдалиевна - Т.Искаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими

5)    Турдукулова Гульнур Турдаевна – М.Рахимова атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мүдүрү

6)    Эмнахунова Анар Айтахуновна – Т.Искаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мүдүрү

7)    Исахунов Мелс Турсунович – айыл тургуну, сүрөтчү

8)    Абдыкадырова Гульсара Афтандиловна – Айылдык Кеңештин депутаты

9)    Элебесов Байыш Токоевич – айыл тургуну, машыктыруучу

10) Очкеев Турдубек Омуракунович – айыл тургуну, коомдук активист

11) Джолдошев Токтобек – айыл тургуну, Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү

12) Казбеков Малик Русланович – Чельпек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

   2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

   3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                                        Б.Омуркулов