КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы
2024-жылдын 18-марты № 180
Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо, экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кайрылуусун карап чыгып, мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III облустук этабында 1, 2, 3 байгелүү орундарды камсыздашкан шаарыбыздын 7 окуучуларын стимулдаштыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарынын аймагындагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин, А.Масалиев атындагы орто мектебинин жана Кадамжай райондук мектеп-лицейинин окуучуларын облустук олимпиадада алдыңкы орундарды ээлегендиктери үчүн акчалай сыйлоого 29 000 (жыйырма тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамдай шаардык кеңешинин төрагасы | А.А.Абдыразаков |