ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чельпек айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
2024-жылдын 26-февралындагы № 13
Чельпек айыл аймагындагы Жыланды –Сай конушундагы спорт аянтчасына ысым ыйгаруу жөнүндө
1.Чельпек айыл аймагындагы Жыланды-Сай конушундагы №104-
контурунда жайгашкан спорт аянтчасына Сариев Кубанычбек
Закировичтин ысымы ыйгарылсын.
2.Жер ресурстар кызматынын Каракол- Ак-Суу филиалынын мамлекеттик
каттоо кызматы менен макулдашуу жагы айыл өкмөт башчысы
С.Б.Кадаевка жүктөлсүн.
3.Көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Б.Омуркулов