ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2024-жыл 20-январы №22/1
Муниципалдык менчике бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын 19.01.2024-жылдагы №1 протоколун негизинде, Ырыс айыл өкмөтүнүн 17.01.2024-жылдагы №01-24/48 сандуу сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сузак районунун прокуратурасынын 29.11.2023-жылдагы №23/143-0007-11/1-02483 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндөгү «Талабынын», Айыл чарба министрлигине караштуу Жер русурстары кызматынын 06.12.2023-жылдагы №01-13/89 сандуу буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын 12.01.2024-жылдагы чыгыш №04-15/251 сандуу катынын негизинде, Ырыс айыл өкмөтүнүн 17.01.2024-жылдагы №5 токтому менен Ладан-Кара айылынын аймагынан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган жалпысынан 1,0 га жер тилкеси муниципалдык менчикке бекитилсин жана муниципалдык менчик реестрине киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага орун басары | Н.Аширбаева |