Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Май айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышы кезектеги XXVIII сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 62

 

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ «Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү » буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Май айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Май айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Май айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарынын жыйынтыгына оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрайым

 

С.Турсунова