САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 4
Савай айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Савай айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныкталган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыккан ЖОБОсун бекитүү максатында Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелердин Жобосу бекитилсин
2. Савай айыл өкмөт башчысына Савай айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелер боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |
Савай айылдык кеңешинин
31.01.2023-жылдын
№ 4-токтомуна тиркеме
Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери
1 Жалпы жоболор.
- Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “улуттук тазалык күнү жана 2023 -2025 – жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфроструктура түзүү боюнча иш – аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 – жылдын 6 – сентябрындагы № 305 Жарлыгына жана калтуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
- Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт,менчигини түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт .
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелерде беклгилеген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүүболушат .
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелеринаткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктыйт
2.Негизги түшүнүктөр жана терминдер
- Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат;
Абонент –тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүгөө милдетүү жеке же юридикалык жак ;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү- калктуу конуштун айланасын калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шартарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому ;
КТТК чыгаруу – атайын автотранспортторго ташып жүктөө,таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо,андан ары катуукалдыктарды чогултуучу жайларды жок кылуужайларына жеркирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык жеке жактардын менчигинде , ижарасында же пайдалануусундаимаратар, үй чарбалары, курулуштар жана башка обьекттер жайгашкан аймак ;
Жашылдандырылган жерлер – жасалма түрдө жана табийгий өсүп чыкан бак-дарак жанан чөп өсүмдүктөрү ;
Ири көлөмдөгү таштандылыр - керектөөдөн чыкан жана көлөмүнүн чондугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктарын (тиричилик техникасы,эмерек ж.б Контейнер аянтчасы – өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буйумдардын калдыктарын ,катуу турмуш –тиричиликкалдыктарын чогултуу жана убуктылуу сактоо үчүн керектүү сандыгы контейнерлер орнотулуп , атайын жабдылган аянт ;
Таштанды – ар кандай калдыктар ,анын ичинде катуу турмуш – тиричилик калдыктары, керектөө жана өндүрүш калдыктары ;
Уруксат берген жерге ташталган таштандылар –чектелген аянта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары ,көлөмдүү таштандылар , өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;
Парк – эс алууга көнүл ачууга оюн–зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдындырылган аймак ;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу,чыгыруу жана жок кылуу боюнча кызматарды корсотуучу ( Кызмат көрсөтүүчү )– катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу,ташып чыгаруу ,жок кылуу калтуу конуштун аймагын санитардынк тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзгөн юридикалык же жеке жак .
Курчап турган айланадагы аймак –юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесин , имараттын,чарбалык курулуштун жана башка обьекттердин чек араларына периметри тикелей чектеш ,ижара укугунан бошотулган муниципиялдык аймак ;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн ) - кызмат көрсөтүүчүмене керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим , анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткаруу милдетүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген ;
Коомдук сунуш /оферта (ушул Эрежелер үчүн ) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо-аймакты тазалоо,көчөдөгү таштандыларды,калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар-жолдордо,тротуарларда,эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү(көчө таштандылары),алар грунт,кум-таш,топурак,табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары(жыгачтар,өсүмдүктөрдүн калдыктары),кагаз,картон,полиэтилен,айнек,чүпүрөк,металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш тиричилик калдыктары (мындан ары КТТК) –адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон анын ичинде тамак –аш азыктарынын жасоодон турук үйлөрдү ,үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон ,турак жайларда уй жаныбарын жана үй канатууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген үйдогу пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары
3 Катуу турмуш-тиричиликтери калдыктарын чогулту жана чыгару иштертн уйуштуруу
6. Айыл аймака караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар ( абонентер ) жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү мене КТТК ташып чыгаруу боюнча келишщимдерди түзүгөө милдетүү.
7 Жеке турак жайларда жана көп кабатуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодксинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизинднги кеклишимдерди еүзүүгө жол берилет .
8 Шаардын ,айыл аймагынын жерлеринде КТТК ны томонку фракциялар боюнча милдетүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет .