БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2024-жыл 19-январы №20/6
“Барпы айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жыл ичинде аткарган жумуштарынын отчетун угуу жана жыйынтыктоо жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын 16.05.2016-жылдын №59 сандуу Бюджеттик кодексинин 79-беренсинин 3-пункту жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 3-пунктарына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн орун басары Т. Шавданбековдун 2023-жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча даярдаган маалыматын жана жасаган слайды менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап, төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Шавданбековдун жыл ичинде аткарган иштери тууралуу берген маалыматы эскертүү берүү менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 2024-жыл ичинде берилүүчү маалыматтарды (отчету) канаттандырарлык деңгээлде даярдоону, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |