БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2024-жыл 19-январы №20/8
“Жер фондусун инвентаризациялоону корректировкалоо боюнча жумуштарын бекитүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматы “Кыргызмамжердолбоорлоо” Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жана Сузак мамлекеттик администрациясынын катын, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап, төмөндөгүчө токтом кылат:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн балансындагы жерлер, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министрлигинин 2023-жылдын 17-январындагы “Жер фондусун инвентаризациялоонун, корректировкалоо боюнча жумуштарын жүргүзүү жѳнүндѳгү” №01 сандуу жобосунун негизинде, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан жүргүзгѳн инвентаризациялоонун корректировкалоо боюнча жумуштары жактырылсын.
2. Сузак мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгѳн комиссиянын курамынан, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн жер балансын Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын адистеринин инвентаризациясына жараша токтом кабыл алып берүү жагы суралсын.
3. Токтомду ишке ашыруунун Барпы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |