Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жыл 25-январы  №1

 

“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан АТП 3 автобазасынын жер аянтынан ашыкча 0,33 га жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 1,3,5,17-пункттарын жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовдун 2024-жылдын 25-январдагы №01-18/78 сандуу кайрылуусунун негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовдун 2024-жылдын 25-январдагы №01-18/78 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан АТП-3 автобазасынын жер аянтынан ашыкча 0,33га жер тилкеси муниципалдык менчигине алынсын жана ушул муниципалдык менчикке алынган жер аянтын жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу, миграцияны азайтуу жана айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртуу максатында социалдык объектилерди куруу үчүн узак мөөнөткө ижара келишиминин негизинде арыз менен кайрылган жеке ишкерлерге берүүгө макулдук берилсин.

3. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан АТП 3 автобазасынын жер аянтынан ашыкча 0,33 га жер тилкесин муниципалдык менчигине алынган жердин мыйзамдуу иш кагаздарын даярдоону жана өз убагында жерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Сатвалдыевге жүктөлсүн.

5.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан АТП 3 автобазасынын жер аянтынан ашыкча 0,33 га жер тилкесин муниципалдык менчигине алынган жер тилкесин мамлекеттик каттоо органдарынан өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Азимовго тапшырылсын.

6.Муниципалдык менчикке алынган 0,33 га жер аянтын каттоодон өткөрүп берүү жагын Сузак Кадастрдан суралсын.

 

7. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

8. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин

Төрайымы:

 

М.С.Алтыбаева