ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №2
“Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Мамытовдун катын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21.03.2023-жылдагы №26-токтому, Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдагы 23-январдагы №01-14/16 сандуу катынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Мамытовдун 23-январындагы 2024-жылдагы каты эске алынсын.
2.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт участкаларынан 190га жер аянтын өздөштүрүп бак-дарак эгүүгө жана туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Өткөрүп берилген жерлердин иш-кагаздарын мыйзамдын негизинде даярдап, иретке келтирүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси жана жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.
4.Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Таш-Булак айылдык кеңешинин Төрайымы: |
М.С.Алтыбаева |