ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №4
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Теплица айылындагы Авилов
Шохрухмирзо Баходиржановичтин айыл чарба багытындагы жер аянтынын, багытын өзгөртүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргы Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, Авилов Шохрухмирзо Баходиржановичтин арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагынын Теплица айылында жайгашкан жалпы аянты 5130,00 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин идентификациялык код номер 3-05-12-1002-2082 турак жай куруу категориясына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Сузак райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Сузак районунда курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы суралсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына реестрге киргизүү жагы Таш-Булак айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
.
Таш-Булак айылдык кеңешинин Төрайымы: |
М.С.Алтыбаева |