Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы

2024-жылдын 14-февралындагы № 73

 Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Желе-Дөбө ,Ак-Кочкор, Жети-Өгүз айылдарындагы тарыхый дөбөлөргө тарыхый маданий мурастардын маалымат такталарын орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө.

 

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Желе-Дөбө ,Ак-Кочкор, Жети-Өгүз айылдарындагы тарыхый дөбөлөргө тарыхый маданий мурастардын маалымат такталарын орнотуу,Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрь айынын №701 токтомун ишке ашыруу  максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл аймагына караштуу Жети-Өгүз,Ак-Кочкор,Желе-Дөбө айылдарындагы тарыхый дөбөлөргө маалымат такталарын орнотууга 50000 (элүү ) миң сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.

 

2. Айылдардагы тарыхый дөбөлөргө маалымат такталарын илип ,тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге милдеттендирилсин.

 

 

4. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                  Ургаипов Б