Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 26-январы № 28-18/111

 

Жайыт комитетинин 2024-жылдын бюджетин жана киреше булагынын жайыт акысы үчүн салыктардын өлчөмдөрүн бектүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бектилип берилсин:

Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына -200 сом

2. Жергиликтүү жарандардын мал башына -50 сом

Кой,эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына -40 сом

2. Жергиликтүү жарандардын мал башына -10 сом 

2. Жайыт комитетинин 2024- жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 427,0 миң сомго жана чыгашалар боюнча 427,0 миң сомго бекитилсин.

3. Жайыт комитетинин 2024-жылга түзүлгөн штаттык жүгүртмөсү бекитилсин.

3. Жайыт комитетинин төрагасы (К.Бейшебаев) айыл өкмөтүнүн вет. адиси (Н.Сыйдалиев) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.

4. Мал багып жайыт пайдаланган малчылар менен эки тараптуу келишим 15-апрелге чейин жүргүзүлүп, малды алыскы жайыттарга көчүрүү жагын көзөмөлдөө жагы ЖК башчысы (К.Бейшебаевке) тапшырылсын.

5. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2024-жылдын бюджетинин долбооруна такталып киргизилген малдын башына карата эсептөөлөрдү бекитүү жанан айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиясы менен бирдикте кийинки сессиянын отурумуна дайындоо жагы Ж.К. башчысы К.Бейшебаевке милдеттендирилсин.

6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Жайыт пайдалануу жана башкаруу жаматтык планы” бекитилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

У. Кенжегараева