ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы
2024-жылдын 14-февралындагы № 74
Чырак айылынын тургуну Мамырбаев Шарше Асанбаевичтин
ысымын жаңы конуш №2 көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө.
Чырак айылынын жаңы конуш №2 көчөсүнө,билим берүүдө көп жыл эмгектенген агай Мамырбаев Шарше Асанбаевичтин ысымын ыйгаруу боюнча Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат.
1. Чырак айылынын жаңы конуш №2 көчөсүнө,билим берүүдө көп жыл эмгектенген агай Мамырбаев Шарше Асанбаевичтин ысымын ыйгаруу боюнча Мамырбаев Эрмектин кайрылуусу кабыл алынсын.
2. Чырак айылынын жаңы конуш №2 көчөсүнө Мамырбаев Шаршенин ысымы ыйгарылсын.
3. Чырак айылынын жаңы конуш №2 көчөсүнө Мамырбаев Шарше көчөсү кылып үй номерлерин,табличкаларын жасатып тагуу жана кум шагыл төгүп оңдоо иштери уулу Мамырбаев Эрмекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге милдеттендирилсин.
Төрага Ургаипов Б.