ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №7
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовдун 2023-жылдын жыйынтыгынын негизинде аткарган иштери боюнча отчётун угуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 20-октябрь 2021-жылдын №123-мыйзамынын 34-беренесинин 1-2-3-6-10-17-пункттарын жетекчиликке алып Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл аймагынын башчысы Р.Г.Азимовдун 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарган иштеринин кемчилдиктери көп экендиги эске алынсын. Р.Г.Азимовдун 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча берген отчёту, кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырылсын.
2.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго жылдын жыйынтыгы боюнча аткарган иштеринин кемчиликтерин жоюп, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин Төрайымы: |
М.С.Алтыбаева |