Редакцияот 30.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 

2023-жылдын 30-сентябры № 147

 

Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө

 

2022-жылдын  18-октябрь № 350 Кыргыз Республикасынын Президентинин "“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 7 жана 17-бөлүктөрү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Москва районунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Москва районунун Первомайск жана Беловодск эки айыл аймагын пилоттук режимде бириктирүүнүн натыйжасында бир айыл аймак жаңы түзүлгөн административдик – аймактык бирдиктин аталышын "Беловодск айыл аймагы" катары калтыруу сунушу киргизилсин.  

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. К. Кулжанов