Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XI сессиясынын жыйынынын

 

2023-жылдын 21-февралы № 11/4

Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбектин атындагы жер тилкесин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

 

      Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбектин атындагы жер тилкесин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун маалыматын  угуп жана  талкуулап  Ылай-Талаа  айылдык  Кеңеши

 

                                                 Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

1. Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбекке тиешелүү болгон 0,05 га жер тилкеси Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.

2. Документ иштерин бүтүрүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовго жүктөлсүн.

3. Баланска алуу жана документ иштерине көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө   алуу жагы   Ылай-Талаа  айылдык  Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Кадамбаева