Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XI сессиясынын жыйынынын

 

2023-жылдын 21-февралы № 11/5

Ылай-Талаа айыл аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын”  Уставын бекитүү жана эсептик каттоого алуу жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 21-февралындагы № 36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген “Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айыл аймагынын  Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин жетекчиси М.Исабаевдин Ылай-Талаа айыл аймагында түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жана эсептик каттоого алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык

 

                                            

 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставы, аткаруу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын курамы жана делегаттардын 2023-жылдын 10-февралында өткөрүлгөн Конференциясынын № 1 протоколунун негизинде бекитилсин жана Устав Ылай-Талаа айылдык Кеңешини эсептик каттоосуна өткөрүлсүн.

2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы Ылай-Талаа айыл аймагында өз ишмердүүлүгүн Уставдын негизинде алып барсын.

  

3. Бул токтом Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн http://ylai-talaa-aimak.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы   Ылай-Талаа айылдык   Кеңешинин   мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Абдимажит уулуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Үтөңбай уулуна тапшырылсын.

Төрага

А.Кадамбаева

 

 

 

        

Ылай-Талаа  айылдык  кеңешинин

  21.02.2023-жылдагы № 11/5 токтомуна

 

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа  айылдык аймагынын

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы

I. Жалпы жоболор

1.    Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун  инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай Талаа айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;

-        расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селmских сообществ» Ылай-Талинского айыльного аймака  Кара-Кулжинского района  Ошской области.

  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Ылай Талаа айылдык аймагынын АКИА;

-        расмий тилде: ИАСС Ылай Талинского айыльного аймака.

  1. Ылай Талаа айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Ош областы Кара-Кулжа району, Ылай Талаа айылы, Р.Сатыбаев көчөсү № 45.
  2. АКИА өз ишмердүүлүгүн Ылай Талаа айылдык аймагында жүргүзөт.
  3. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

6.    АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.

7.    АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.

8.    АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.

II. АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери

  1. АКИАнын түзүлүү максаттары:

-        социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.

  1. АКИАнын иш-милдеттери:

-        Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;

-        мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;

-        жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;

-        аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;

-        курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

-        коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;

-        калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;

-        жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;

-        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.