Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 26/2

 Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин” колдонууга киргизүү жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы токтом кылат:

1.              Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып  мүлк салыгы киргизилсин.

2.              Мүлк салыгын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу киреше салык боюнча башкы адис  Г.Тажибаевага, көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов