Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 26/4

Таштандынын төлөмүн бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасына ылайык, “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылына 1 (бир)  ай үчүн таштанды төлөмү 1 (бир) кожолукка 100 сомдон жана 1 группанын майыптары, Чернобыль жана Афган согушунун катышуучуларныа 50% төлөнсүн деп белгиленсин.

2. Таштанды графиктин негизинде өз убагында айылдын ташып чыгуу жагы  “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовго бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов