КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-сентябры № 480
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери жөнүндө
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы.