Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 18-сентябры № 486

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы маданият жана эс алуу паркын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары дареги боюнча жайгашкан, 2-03-05-0030-0863 идентификациялык коду менен жер участогунун жалпы аянты 15,91 га болгон, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы маданият жана эс алуу паркынын мүлктүк комплексин белгиленген тартипте Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин аймагындагы маданият жана эс алуу паркынын мүлктүк комплексин (мындан ары - объект) муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- объектти мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- объекттин сакталышын камсыз кылуу;

- объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;

- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен объектти күтүү жана андан ары (техникалык) тейлөө.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                 Төрагасы

 

А.У.Жапаров